Оштогу “Т” жолуна төрт тилкелүү жол куруу иштери башталды

Ошто “Т” жолунун 600 метрлик бөлүгүнө төрт тилкелүү жол куруу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
17-июль күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин тапшырмасына ылайык, өкүлдүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Кош-Таш көчөсүндө жайгашкан “Т” формасындагы жол тилкесине барып, көчмө жыйын өткөрдү.
Аталган жолдун 600 метрлик бөлүгүнө төрт тилкелүү заманбап жол куруу иштери башталып, курулуштун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аякташы үчүн тиешелүү жетекчилерге жана адистерге бир катар тапшырмалар берилди. Жыйындын жүрүшүндө жол куруу процессинде коопсуздукту камсыз кылуу, электр мамыларын жылдыруу жана курулушка тиешелүү башка техникалык маселелер талкууланды.
Ошондой эле, биринчи орун басар курулуш иштерин белгиленген графикке ылайык жүргүзүп, кечиктирүүгө жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан