Украинанын президенти Владимир Зеленский New York Times басылмасына курган маегинде Орусиянын лидери Владимир Путин согушту токтотуу үчүн компромисске барууга даяр эмес экенин билдирди.
Бирок анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга карата катаал санкцияларды тездетүү менен Путинди тизе бүктүрүп коюучу күчкө ээ.
"Ал муну сезиши керек",- деген Зеленский.
Ошондой эле ал эгер Москва 50 күндүн ичинде тынчтык келишимине макул болбосо, дүйшөмбү күнү орус мунайын сатып алган өлкөлөргө 100 пайыз бажы төлөмдөрү киргизиле турганын айтып, Трампка санкцияларды колдогону үчүн абдан ыраазы экенин белгилеген. Бирок Зеленскийдин айтымында, бул мөөнөт дагы эки айга көбүрөөк өлүм жана кыйроолорду гана билдирет.
"Элүү күн биз үчүн жөн гана коркунучтуу күн",- деген Украина лидери.
Буга чейин Трамп эгер Украина боюнча 50 күндүн ичинде тынчтык келишими түзүлбөсө, анда Орусия жана анын соода өнөктөштөрүнө 100 пайыз бажы төлөмдөрүн киргизүүнү убада кылган.