Ташиев жыйындан чыгарткан Өзгөн районунун салык кызматынын башчысы кармалды (видео)

Мамлекеттик салык кызматынын Оштун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 63 жаштагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы райондук салык органынын кызмат адамдары "С.Л." ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерип, салык төлөөдөн качуу боюнча коррупциялык схеманы аныкташкан. Бирок мекеме кызматкерлери аталган субъект менен кылмыштуу бүтүмгө келишип, милдеттүү болгон салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан.

Алардын аракеттеринен улам мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Натыйжада кармалган шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөргөн жыйынында аны текшерүүгө алуу буйругун берип, райондук салык кызматынын башчысын атайын кызматтын өкүлдөрү жыйындан алып чыгып кетишкен.

18.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан