Чехияда коммунизмди үгүттөөгө тыюу салган мыйзам кабыл алынды

Чехиянын президенти Петр Павел коммунизмди үгүттөөгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Улуттук мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр коммунисттик идеологияны жайылткан уюмдарды түзгөн жана колдогон адамдарга беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын карайт.

Euractiv басылмасы белгилегендей, бул өзгөртүүлөр тоталитардык режимдерди изилдөө институтунун адистеринин катышуусунда иштелип чыккан. Эксперттер Чехиянын мыйзамдарында тоталитардык идеологияларга карата укуктук тең салмактуулук жок экенин белгилешкен. Өлкөдө улутчулдукка үгүттөөгө тыюу салынган, бирок коммунизм боюнча мындай мыйзам жок болчу.

Бул мыйзам демилгесине каршы катуу пикир билдирген Чехия менен Моравиянын Коммунисттик партиясы (КПЧМ) жаңы мыйзамды "саясий басымга багытталган адилетсиз чара" деп сыпаттады.

"Бул — КПЧМди мыйзамсыз уюм катары жарыялоо жана азыркы режимди сындагандарды коркутуу аракети", — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан