20-21-июль күндөрү Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Буга байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Бул иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Унаа кыймылы делегациянын кортежинин "Манас" аэропортунан мамлекеттик резиденцияга чейинки жана кайра келүүчү багыты боюнча гана убактылуу чектелет.
"Иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алуу менен жарандардан киргизилген чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Тыгындардын алдын алуу үчүн жол багытыңарды алдын ала мерчемдеп алууну, жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана унааларды борбордун көчөлөрүнүн боюна калтырбоону сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.