АКШнын президенти Дональд Трамп Илон Маскты депортациялоону, Нью-Йорктун мэри болууга талапкер Зохран Мамданини камакка алууну, ал эми актриса жана комик Рози О'Доннеллди жарандыктан ажыратууну ойлонуп жатканын билдирди. Бул тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты.
Аталган адамдардын баары АКШ президенти менен саясий пикир келишпестикке ээ.
Президент администрациясы учурда масштабдуу түрдө адамдарды жарандыктан ажыратуу боюнча юридикалык процессти ишке ашырууга аракет кылууда.
Журналист Мамдани АКШнын иммиграция жана бажы кызматтарына каршы чыкса эмне кылары тууралуу сураганда, Трамп:
«Аны камакка алышыбыз керек болот. Карагыла, бул өлкөгө коммунисттин кереги жок. Бирок эгер ал бул жакта болсо, бүт өлкөнүн атынан аны кылдат көзөмөлдөп турам», — деп жооп берген.
Учурда Мамданинин мыйзамсыз жүргөнүн далилдеген эч кандай маалымат жок. Бирок айрым аткаминерлер анын жарандыгы боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.
Илон Маск жана Зохран Мамдани — АКШнын натурализация аркылуу жарандык алган жарандары. Маск Түштүк Африкадагы Претория шаарында төрөлүп, 2002-жылы АКШ жарандыгын алган. Мамдани Угандадагы Кампала шаарында төрөлүп, 2018-жылы АКШнын жараны болгон.
Ал эми актриса Рози О'Доннелл тууралуу Трамп Truth Social тармагына:
«Ал биздин улуу өлкөнүн кызыкчылыгына жооп бербейт», — деп жазган. Трамп АКШда төрөлгөн О’Доннеллди «адамзатка коркунуч» деп атап, аны жарандыктан ажыратууну караштырып жатканын билдирген.
О’Доннелл быйыл январда 12 жаштагы баласы менен Ирландияга көчүп кеткен. Ал Техастагы суу каптоо кырсыгынан кийинки Трамптын администрациясынын аракеттерин сындап чыккан. Ошондой эле ал быйыл Ирландиянын жарандыгын алууга арыз бергенин билдирген.