Бүгүн, 19-июлда Германиянын Дюссельдорф шаарындагы салттуу жарманкеде болгон фейерверктин жарылышынан 19 адам жабыркады. Бул тууралуу Bild басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, иш-чара учурунда көрүүчүлөрдүн арасына бир фейерверк кирип кетип жарылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жалпысынан 19 адам жаракат алып, алардын төртөөсүнүн абалы оор деп бааланууда.
Окуядан кийин жарманкенин уюштуруучулары коопсуздукту камсыздоо максатында иш-чараны мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алышкан.
Азырынча окуянын так себеби белгисиз бойдон калууда. Бирок полиция бул кокустук болушу мүмкүн деген божомолду айтууда. Тергөө иштери уланууда.