Astronomer компаниясынын башкы директору Энди Байрон Coldplay тобунун концерти учурунда өзүнүн кызматкери менен кучакташып турганы видеого түшүп калгандан кийин кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин компаниянын директорлор кеңеши окуя иликтенип бүткөнгө чейин аны убактылуу кызматынан четтеткенин билдирген.
Ал эми Байрон менен видеого түшүп калган аял Astronomer компаниясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Кристин Кабот экени белгилүү болгон.
Маалыматтарга караганда, Байрон да, Кабот да башка адамдар менен никеде турушат.
Окуя боюнча компания төмөндөгүдөй билдирүү таратты:
«Astronomer компаниясы өз ишмердүүлүгүнүн башталышынан бери карманып келген баалуулуктарга жана маданиятка бекем. Биз жетекчилерибизден жогорку моралдык стандарттарды жана жоопкерчиликти күтөбүз».
Учурда Байрон башкы директор кызматынан кеткенден кийин иликтөө болору белгисиз.
Эске салсак, буга чейин интернет желесинде Astronomer IT компаниясынын башкы директору компаниянын HR менеджери Кристин Каботту кучактап турганы тартылган видео тараган.
Окуя Coldplay тобунун АКШнын Бостондогу Жиллет стадионундагы концертинде болгон. Анда аталган топтун солисти Крис Мартин видеокамера тарабынан тартылып жаткан кадрга көңүл бурган.
Бирок видеого түшүп жатканын байкаган алар өздөрүн алып качышкан. Байрон шеригин кучактаганын токтотуп, жашынууга аракет кылса, ал эми аял уялганынан колу менен бетин жаап, артты караган.