Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Polyák Imre & Varga János 2025 аттуу рейтингдик турнирде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаментинен билдиришти.
76 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалда АКШнын спортчусу Даймонд Гилфорд менен болгон таймашта 4:4 болуп турганда атаандашын туше ыкмасына салып, жарым финалга чыкты.
Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта балбан кыз бразилиялык Тамирес Мачадого 5:10 эсебинде утулуп калды. Бирок үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Түштүк Кореянын балбаны Соен Чжонду 12:1 эсебинде ири артыкчылык менен жеңип, турнирдин коло медалын жеңди.