Белилүү ырчы Аяна Касымова кош бойлуу экенин айтып, кубанычы менен тең бөлүштү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасынан билдирди.
"Жашоомдогу эң маанилүү жаңылыктар менен бөлүшүү үчүн көптөн бери сөз издеп жүрдүм. Жүрөгүңдүн астына жаңы жашоону алып жүргөндөн өткөн кызыктуу эч нерсе жоктой сезилет.
Менин жүрөгүм азыр эки ритмде согот. Ар бир күн жаңы сезимдер, толкундануу, үмүт жана кыялдар менен коштолот. Жана мен бул үчүн Кудайга чексиз ыраазымын. Мени колдогон инсандарга чоң рахмат",- деген ал.