Жигит аны менен таанышуудан баш тарткан кызды тээп жиберди

Москвада эркек киши аны менен таанышуудан баш тарткан кызга кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын аныктап жатышат.

"Мен шаарда көчөдө кетип жаткам, бейтааныш бала келип таанышалы деди. Номеримди сурады. Мен сылык, "жок, таанышпайм" деп жооп берип, басып кетип жатканда артымдан келип тээп кетти. Шаардын борборунда ушундай болуп жатса... Дагы жакшы, көчөдө болуп калдым, жабык жерде болсок өлтүрүп коймок. Биз, кыздар таанышкыбыз келбесе таанышпайбыз деп айта алабыз. Мен бул нерсени жөн калтырбайм",- деген жабыркаган кыз.

Ал ошондой эле денесинде көгала тактар бар экенин айткан.

Окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

21.07
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан