Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылындагы тери заводго барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Учурда өлкөбүздө малдын терилерин кайра иштетүү боюнча кичи-чоң ишкана цехтердин саны көбөйүп, кызыгуулар артууда. Буга малдын терисинин сапатына маани берилип жатканын негиз болууда.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ар бир аймакта терини кайра иштеткен завод-фабрикаларды куруу милдетин ишке ашыруу аракети үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Натыйжада, жакынкы жылдары бир дагы тери жерде таштанды болуп калбайт. Ар бир тери иштетилип, фермерлерге, кайра иштетүү өнөр жайларына киреше берген продукцияга айланат",- деп билдирди Бакыт Төрөбаев.
"Таалай Групп" ишканасынын терини кайра иштетүү боюнча 2 заводу жылына 700-800 миң кой-эчкинин терисин кайра иштетет. Жүздөн ашык адам эмгектенет.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында товар жүгүртүүсү 70 миллион сомго жеткен. Иштетилген терилер жана териден жасалган продукциялар Кытай, Түркия, Пакистан, Украина, Беларусь, Индонезия, Өзбекстанга экпорттолгон. Эки заводдун жалпы баасы 4 миллион долларды түзгөн.