Таш-Көмүрдө милиция кызматкерлери "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Рейд учурунда базар, унаа жуучу жайлар, курулуш объекттери, кафе, ресторандар текшерилип, жалпы 7 жаш өспүрүм балдар аныкталган. Алардын ата-энелери чакыртылып, протоколдор түзүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.