Ысык-Көлдө толкун көлдүн ортосуна алып кеткен айым куткарылды (видео)

Түп районунда толкун көлдүн ортосуна алып кеткен айым куткарылганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июлда саат 14:30 чамаларында милицияга Кичи-Өрүктү айылынын күн батыш тарабында жайгашкан Ысык-Көл жээгиндеги пляжда белгисиз жарандын шамалдын таасиринен улам көл үстүндө үйлөтмө кайык (байдарка) менен алыстап кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери дароо аракет көрүшүп, аба ырайынын начардыгына жана көл үстүндөгү 1,5 метрге жеткен толкундарга карабастан куткаруу иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада шамал 2-3 чакырым аралыкка алып кеткен үйлөтмө кайыктагы жарандын өмүрү сакталып калды. Кызыл түстөгү кийим жана коопсуздук жилет кийип жүргөн айым Чүйдүн Ысык-Aта районунун тургуну экени аныкталды.

21.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан