
Лейлекте уурулук фактысы менен катталган кылмыш ишин оң жагына чечтирүү үчүн пара берген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Раззаков шаарынын 52 жаштагы тургуну С.З. телефон уурулугун оң жагына чечүү максатында милиция кызматкерине пара сунуштаган. Ал милицияга 40 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.