Бишкекте курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды

Бишкекте курулуш компанияларынын биринин 37 жаштагы жетекчиси өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, ал А.Р. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алышып, жабырлануучу менен мыйзамдуу делген үлүштүк курулуш келишимин түзүшкөн. Андан соң батир сатып өткөрүп берүү шылтоосу менен жабырлануучунун акча каражатарын ээлеп алышкан. Келтирилген чыгымдын суммасы болжол менен 7,5 миллион сомду түзгөн. Учурда шектүүнүн шериги изделүүдө. Жабырлануучу июнь айында милицияга арыз жазган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык – алдамчылык же ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, бөтөн мүлктү же мүлккө болгон укукту алуу, алдын ала сүйлөшүп, адамдар тобу тарабынан, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан