АКШдагы белгилүү Колумбия университети өкмөттөн мурда берилген 400 миллион долларлык жардамды (грантты) кайра алыш үчүн 200 миллион доллар төлөп берүүгө макул болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул жардамды президент Дональд Трамптын администрациясы токтотуп койгон болчу. Себеби университетте Палестинаны колдогон студенттердин акциясынан кийин еврей студенттерге туура эмес мамиле болуп жатат деген дооматтар айтылган.
"Бул макулдашуу – оор мезгилден кийин жасалган чоң кадам",- деди университеттин убактылуу башчысы Клэр Шипман.
Трамп интернеттеги билдирүүсүндө бул ишти кубаттап, башка университеттерге да мындай текшерүүлөр болорун айтты.
"Салык төлөгөн элдин акчасын алып, туура эмес иш кылган университеттер дагы бар. Алар да кезекте",- деди ал.
Колумбия университети айткандай, мурда токтотулган гранттар кайра берилет. Бул келишим менен:
Ошондой эле, өкмөттөн көз карандысыз байкоочу дайындалып, университеттин мыйзамдарга баш ийип жатканы көзөмөлдөнөт. Университет дайыма отчёт берип турат.
"Бул келишим АКШ өкмөтүнө бизге кандай студент кабыл ал, же эмне окут деп айтуу укугун бербейт. Биз өз эркиндигибизди сактап калдык", – деп айтты Колумбия университеттин башчысы Клэр Шипман.
Эске салсак, буга чейин Трамп Палестинаны колдогон студенттик акциялардан кийин Колумбия жана башка университеттерди катуу сындап, алардын каржылоосун токтоткон. Айрым чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөн чыгаруу тууралуу да сүйлөгөн.
.