Казакстандын Алматы облусунда үч экипаж мүчөсү бар ЕС-145 аскердик тик учагы пландуу учуу учурунда радардан жоголуп кетти. Бул тууралуу 25-июлда республиканын Коргоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Учакта экипаждын үч мүчөсү болгон. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат",- деп белгиленген маалыматтарда.
Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн өлкөнүн коргоо министринин тапшырмасы менен окуя болгон жерге атайын комиссия учуп кетти.