Таиланд менен Камбоджа ок атышууну токтотууну макулдашышканы айтылды

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Таиланд менен Камбоджанын бийликтери чек арадагы ок атышууну токтотууга макул болушканын билдирди.

"Анвар Ибрагим эки өлкө тең макулдашууга жетишкенин, бирок аскерлер чек арада жайгашып калгандыктан аларды чек арадан чыгарып кетүүгө бир аз убакыт сурашканын маалымдады", - деп билдирет Малайзиянын "Бернама" агенттиги.

Айта кетсек, бейшембиге караган түнү Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кагылышуу башталган. Таиландда Камбоджа менен чек арадагы куралдуу кагылышууларда кеминде 14 тургун жана 1 аскер каза болгону кабарланган. Камбоджа азырынча маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан