Түркияда белгилүү депутат өлтүрүлдү

Түркияда бийликтеги "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын депутаты Мехмет Аныл Балыкесир шаарында куралдуу кол салуудан каза болгонун түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окуя Хавран районунда болгон. Мехмет Аныл оор жаракат алып, Эдремит мамлекеттик ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабай операция учурунда каза болгон.

Кол салуудан кийин Хавран районунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Райондук полиция жана Балыкесир провинциясынын администрациясы шектүүлөрдү кармоо үчүн кеңири иликтөө иштерин баштады.

Кол салуунун себептери жана жагдайлары белгисиз бойдон калууда. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан