АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Пхеньянды өзөктүк куралдан арылтуу үчүн кызматташууга даяр экенин Ак үйдүн басма сөз катчысы Ренхап маалымат агенттигине билдирди.
"Президент бул максаттарды колдойт жана лидер Ким менен Түндүк Кореяны толук денуклеаризациялоого жетишүү үчүн кызматташууга ачык", - деген ал.
Расмий өкүл Трамп президент катары биринчи мөөнөтүндө Ким Чен Ын менен үч жолу жолугушуу өткөргөнүн, анын жыйынтыгында Корей жарым аралындагы абал турукташканын жана эки өлкөнүн лидерлеринин деңгээлинде ядролук куралсыздандыруу боюнча тарыхта биринчи келишимге жетишилгенин эске салган.