Эми эл аралык MoneyGram акча которуу системасы Компаньон Банкынын бардык бөлүмдөрүндө жеткиликтүү.
Бул кызмат кардарларга 198 өлкөгө акча жөнөтүп же ала алуу мүмкүнчүлүгүн берет — тез, ыңгайлуу жана банктык эсеп ачпай эле.
MoneyGram 70 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет жана дүйнө жүзү боюнча 300 000ден ашык тейлөө пунктуна ээ, анын ичинде улуттук почта кызматтары, банктар жана ири соода түйүндөрү бар.
Компаньон Банкынын белгилегендей, кызматтын негизги артыкчылыктары — акчанын 10–15 мүнөттүн ичинде дүйнөнүн каалаган чекитине жетиши жана жөнөкөй жол-жобо.
«Биз үчүн кардарларыбыздын чет өлкөдөгү жакындарын ишенимдүү жана ыңгайлуу жол менен колдой алышы абдан маанилүү. MoneyGram менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтип, эл аралык которууларды мурдагыдан да жеткиликтүү кылат», — деп белгилешти Компаньон Банкынын басма сөз кызматында.
Которууну кантип жөнөтүү жана алуу
Жөнөтүүчү үчүн:
Алуучу үчүн:
Кимдер үчүн пайдалуу?
Толугураак маалыматты MoneyGram расмий сайтынан www.moneygram.com алсаңыз болот.
Биз дайыма байланыштабыз: 88 00 (мобилдик операторлордон чалуу акысыз) же WhatsApp 0 770 33 88 00.