Көк бөрү федерациясы Асылбек Өзүбековго аргымак белек кылды (видео)

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталып, ар бир оюнда алып баруучулук милдетти аткарып жүргөн белгилүү ырчы Асылбек Өзүбековго аргымак мингизилди.

Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев улуттук оюндун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан адамдардын саны арбын экендигин белгилеп, жыл сайын аларга ушундай белектер берилерин кошумчалады.

Өзүбеков 1996-жылдан бери ат майдандарында өткөн көк бөрү беттештерин алып барып, оюндун жүрүшү менен күйөрмандарды тааныштырып келет.

Көк бөрү оюну жыйынтыкталганда Асылбек Өзүбековго аргымак мингизилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан