Бүгүн, 9-сентябрда белгилүү ырчы Калыс Жакыповдун үйлөнүү тою өтүп жатат.
Ырчы мырза Инстаграм баракчасына ак көйнөк кийген сүйүктүүсү Айдана Тыныбекова менен түшкөн видеосун киргизип, "Биздин кичинекей мамлекет" деген билдирүү калтырды. Күйөрмандары ырчынын жакшылыгы менен тең бөлүшүп, каалоо-тилектерин жазып калтырышууда.
Эскерте кетсек, 8-июлда ырчы белгилүү актриса жана бийчи Айдана Тыныбекованын колун сураган. Актриса айымдын кыз узатуусу эки күн мурун борбордогу тойканалардын биринде өттү.