Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов ырчы да экенин билет белеңиз?
Кечээ, 9-сентябрда Кыргыз эл артисти Сыймык Бейшекеев 51 жашка толуп, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда концерт берди. Ага ырчынын шакирттери, санаалаштары катышты. Алардын катарын эл өкүлү Кундузбек Сулайманов да толуктады. Депутат аккордеонду колго алып, Асанкалый Керимбаевдин "Көл баяны" аттуу ырын Бейшекеев менен бирге созолонто ырдап, күйөрмандардын колдоосуна татыды.
Айта кетсек, белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев 26 жылдан бери өздүк майрамын концерт берип тосуп келе жатканын SUPER.KG порталына билдирди.