Ырчы Нурлан Насип 35 жашка толду

Бүгүн, 10-сентябрь белгилүү ырчы, обончу Нурлан Насиптин туулган күнү. Ырчы мырза 35 жашка толду.

Ал 1990-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Терек-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.

1997-2005-жылдары өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек атындагы орто мектепте билим алган. 2010-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүн аяктаган. Андан соң улуттук консерваториядан билим алган.

Биринчи жолу сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан. Нурлан Насиптин андан кийинки ар бир ыры хитке айланган.

Туулган күнүн көбүнчө жакындарынын курчоосунда өткөрөт. Бул жолкусунда ырчы Калыс Жакыповдун тоюнда болуп, түнкү саат 12де аны көптөгөн достору куттукташты. Инстраграм баракчасында көптөгөн жылдыздар ырчыны куттуктап, жылуу калоо-тилектерин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан