Ырчы Алмаз Шаадаев 35 жашка чыкты

Бүгүн, 11-сентябрда ырчы Алмаз Шаадаевдин туулган күнү. Ырчы бул жылы 35 жашын белгилеп жатат.

Алмаз Шаадаев 1990-жылдын 11-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Учурда ал бир кыздын атасы.

Ал чоң сахнага "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган “Жылдын суперлери-2010” концертинде “Жаным, ай” аттуу ырын ырдап чыккан. Алмаз Шаадаев Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин туризм-саякат бөлүмүн аяктаган.

Ырчы "Фаридам", "Жубайым", "Сен дегенде", "Арзуу", "Көлдүк кыз" жана башка популярдуу ырлардын аткаруучусу. Ал көбүнчө сүйүү жөнүндө ырларды ырдап, жаш муундун сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан