Өлкө аймагында бүгүн, 12-сентябрда саат 13:57де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Жер титирөө Бишкек шаарында 4 баллга чейин сезилди.
Буга чейин борбор калаада күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө болгону маалымдалган. Жер титирөөнүн очогу Беш-Күнгөй айылынан 1 чакырым алыстыкта болгондугу айтылды.