Бүгүн, 12-сентябрда белгилүү ырчы жана бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Айыма Айылчиева менен жолдошу Айбек мырзанын үлпөт тою өтүүдө. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Бишкекте өтүп жаткан тойго ырчынын жакындары, санаалаштары катышууда.
Айылчиеванын кыз узатуу тою 3-августта борбор калаадагы тойканалардын биринде өткөн. Буга чейин ырчынын сүйүктүүсү Япониядагы Сагами булуңундагы Катасе дарыясынын жээгинде анын колун сураган болчу.