Кыргызстандык ырчы Эльзат Төлөгөнова Орусиядагы "Ну-ка, все вместе!" сынагынын жарым финалына өттү. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Ырчы айым «Listen» аттуу хит ырды аткарып, бардык калыстардын добушуна ээ болуп, 100 упай топтоду.
Буга чейинки сынакта ырчы Уитни Хьюстонтун "I Have Nothing" ырын аткарып, калыстар тобунун 10 мүчөсү тең добушун берген.
Эльзат Төлөгөнова аталган сынакка катышып жаткан алгачкы кыргызстандык айым. Бул сынакта 2023-жылы ырчы Азат Райимбердиев экинчи орунду ээлеген. Өткөн жылы кыргызстандык Минжашар Мурзаев жарым финалга чейин жеткен.