Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда чыккан өрт саат 12:34тө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, кечээ, 13-сентябрда саат 17:50дө Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда куураган чөп өрттөнүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине саат 18:10до Баткен району боюнча 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, кошумча дагы 5 куткаруучу чыгышкан.
Өрттү өчүрүүгө кошумча күч катары Токой чарба кызматынан 5, Баткен райондук ИИБнен 5, Кара-Булак айылынын жергиликтүү тургундарынан 40, ошондой эле Алтын-Бешик айыл аймагынан 50, жалпы 75 жаран тартылган.
Тилсиз жоо 21:00дө чектөөгө алынып, түнкү нөөмөттө да куткаруучулар калган.
Бүгүн, 14-сентябрда тоодогу өрттү өчүрүү иштерин улантуу максатында токой чарба кызматынан 20 жана жеринде нөөмөттө калган 2 кызматкер, жалпы 22 жаран тартылган.