
Ырчы Азат Раимбердиев сүйүктүүсүнүн колун сурады.
Белгилүү ырчы сүйүктүүсүнө сунуш жасап, “ооба” деген жооп алды.
Бул тууралуу анын сүйүктүүсү социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, “Мен эң мыкты адам Азат Раимбердиевге “ооба” дедим”,- деп жазды.
Белгилей кетсек, Азат мырза Delmar тобунун солисти болгон. Топ “Принцесса”, “Бишкекская ночь”, “Спасти любовь”, “Воспоминания” өңдүү хиттери менен белгилүү.
2023-жылы Орусиянын “Ну-ка, все вместе!” шоу-миссиясына катышып, 2-орунду ээлеген.