Кыргызстандан "Аалам сулуусу-2025" сынагына 19 жаштагы Мэри Кувакова барат. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасынан бөлүшүп, Кыргызстандын атын сыймыктануу менен алып чыгарын билдирди.
Эл аралык сулуулар сынагы 2025-жылдын ноябрь айында Таиланддын Бангкок шаарында өтмөкчү. Сынактын финалы 21-ноябрга пландалган.
Сулуулардын таймашына дүйнөнүн ар кайсы бурчунан барган 130дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Сынактын жеңүүчүсү өз өлкөсүн кийинки жылы өтө турган дүйнөлүк сынакта тааныштырат.