TAMGA Казакстандагы "Silk Way Star" сынагында көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды 

Казакстанда Эл аралык Silk Way Star сынагы өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан ырчы TAMGA катышууда.

Биринчи чыгарылышта ырчы “Майда” ырын тартуулап, көпчүлүк күйөрмандардын жана калыстар тобунун маанайын көтөрүп, көңүлүн бура алды. Калыстар ага жакшы упайларды берип, 114 упай топтоду. Учурда 12 катышуучунун ичинен 5-орунда келе жатат.

Сынакка 12 өлкөнүн популярдуу артисттери катышууда: Азербайжан, Армения, Грузия, Малайзия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түштүк Корея.

Бул сынактын финалы 22-ноябрда өтөт.

Ар бир чыгарылыш ишемби күндөрү саат 20:00дө Jibek Joly TV расмий YouTube каналында да көрсөтүлөт.

Тамга Silk Way Star сынагында
Тамга "Майда" ырын аткаруусу
Тамгага коюлган калыстардын баалары жана комментарийлери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан