Дайыр Исмадияров: “Заманаң куруп калганда ата-энең, бир туугандарың эле жаныңда болот тура...”

Ырчы Дайыр Исмадияров SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезитине кеңири маек куруп берди. Жашоо, сыноолор, жакын адамдардын колдоосу же колдобой коюшу, жан дүйнө тынчтыгы жаатында кызыктуу кеп кылып берди. Жаңы жашоо баштап жатканын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

"Мен үчүн төрт мезгилдей эле жашоонун да төрт этабы бар. Ошонун бир этабы мен үчүн жаңы жабылды. Турмуштун өйдө-ылдыйын, азабы менен жыргалын, айтор, баарын көрдүм. Абдан кыйын кырдаалдан өттүм. Толугу менен “перезагрузка” болдум.

Адашып, көп жолу алдандым. Ушуга чейин терип-жыйгандарым бир күндө жок болуп кетти. Баракчамдан байкасаңыздар керек, ошол учурда 50 килограммга чейин арыктадым. Заманаң куруп калганда ата-энең, бир туугандарың эле жаныңда болот тура. Нан тиштеп антташкан досторуң деле эч нерсе кылып бербейт экен",- дейт ал.

Каарманыбыз учурда финансылык, психологиялык жактан жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн айтып, жашоонун жаңы барагы дилди тазартуудан башталганына токтолду.

Маекти толугу менен Ютуб каналыбыздан көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан