Оштун мэри президент тарабынан берилген катуу сөгүш боюнча эмне дейт? (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент тарабынан берилген катуу сөгүш боюнча өз оюн айтты.

"Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин сын-пикирин кабыл алдым. Эми иштеш керек болот, иштеп жатабыз",- деди калаа башчысы.

Токторбаев кайсы маселеден улам сөгүш алгандыгын ачыктаган жок.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Оштун мэрине катуу сөгүш берди. Ал эми президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышарын белгиледи.



Оштун мэри президенттин катуу сөгүшү боюнча эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан