Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарады

Бүгүн, 25-сентябрда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган сунушту 32 депутат демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келип калышы негиз болгонун билдирди.

Жыйынтыгында аталган сунушту бир добуштан колдошту.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөнү айтылып, эл өкүлдөрүнөн кол топтолуп жаткандыгы маалым болгон. Көп өтпөй документке 32 эл өкүлү кол койгону кабарланган. 17-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу демилге тууралуу түшүндүрмө берген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан