Парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтүшү мүмкүн

Парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Ал шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлөрүн белгилеп, мыйзам бузган учурлар катталса катуу жаза көрүлөрүн айтты.

"Добуш сатып алуу, мызамдан тыш аракеттер болсо катуу жазаланат",- деди төрага.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган сунушту 32 депутат демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганын жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа болушу негиз болгонун билдирди.


Парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтүшү мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан