Белгилүү ырчы, обончу Эрлан Андашев менен жубайы кыздуу болду. Ырчы мырза кубанычтуу жаңылыгын Инстаграм баракчасына бөлүштү.
"Аллахтын каалоосу менен үйүбүзгө ак гүлдөй кыз келди. Жүрөгүбүзгө кубаныч, үйүбүзгө береке, жашообузга нур алып келди. Ар бир каалоо-тилектерге чоң рахмат! Кызыбыздын өмүрү узун, ыймандуу, элге кадырлуу болсун",- деп жазды ырчы.
Белгилей кетсек, ырчы мырза жубайы менен бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.