
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Кабар" агенттигине түз эфирде сүйлөп жатып, мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу коомчулуктагы суроолорго жооп берди.
Анын айтымында, айрым шайлоочулар бир округдан үч депутат шайланса, үч талапкерге добуш берүүгө укуктуу деп ойлошууда. Бирок Жупуева "бир шайлоочу - бир добуш" принциби сакталарын так айтты.
"Шайлоочу бюллетенде бирден ашык талапкерди белгилесе, ал жараксыз деп табылат. Ошондуктан добуш берүүдө абайлоо керек",- деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алган. Жаңы парламентти шайлоо 30-ноябрга белгиленди.