Бишкек шаарында келин төрөтканага жетпей көз жарды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-сентябрда кош бойлуу келин жол тескөөчүлөргө кайрылып, төрөтканага жеткизүүнү суранган. Бирок ал төрөтканага жетпей, милициянын кызматтык унаасында көз жарган.
Буга чейин дагы бир келин төрөтканага жетпей, милициянын кызматык унаасында көз жарган болчу.