Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында ИИМдин академиясынын курсанттары манас айтышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрда өткөн иш-чарада курсанттар жана студенттер белгилүү манасчы Нурбек Талантбеков баштаган калыстардын алдында манас айтуу сынагын өткөрүшкөн. Сынактын жыйынтыгында мыктыларга сыйлыктар тапшырылган.
Иш-чаранын соңунда эстафета өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтуна өткөрүлүп берилген.