Адылбек Касымалиев Минскте Беларустун премьер-министри менен жолукту

Бүгүн, 29-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекеттик туулар илинип, ардактуу кароол тизилди. Өкмөт башчылары бири-бири менен учурашып, тууга урмат көрсөтүшүп, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Касымалиев жана Турчин расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Саламдашуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары кыргыз-беларусь сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Өкмөт үйүнүн имаратына киришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан