Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленди. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар шайлоодо аралыктан добуш бере алышат.
Белгилей кетсек, парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан.