ТИМ башчысы Кулубаев казакстандык кесиптеши менен телефондо сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын жаңы дайындалган тышкы иштери министри Ермек Кошербаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, анда тараптар Кыргыз-Казак кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Мындан тышкары, Кулубаев Кошербаевди Казакстандын тышкы иштери министри кызматына дайындалганы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан