Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына курган маегинде Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын кыргызчалоо боюнча пикирин билдирди.
"Борбор калаадагы төрт райондун атын кыргызчалашыбыз керек деген маселени 2-3 жыл мурун Элдик курултайда көтөргөм. Эл абдан туура кабыл алган. Албетте, терс пикирлер дагы болду. Мен ошол эле пикирдемин. Бирок бардыгы менден көз каранды болбой жатат. Тилекке каршы, анча-мынча маселелер бар. Жакында аны чечебиз, кыргызчалайбыз",- деди төрага.
Учурда Бишкектин райондору Биринчи Май, Свердлов, Ленин, Октябрь деп аталат.