Жапаров Жогорку Кеңешти таркаткандыгы үчүн депутаттарга ыраазычылыгын билдирди

Бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды.

Анда мамлекет башчысы Жогорку Кенештин 25-сентябрда өз алдынча тарашы боюнча кабыл алынган чечимге байланыштуу, 8-чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо 30-ноябрга белгиленгенин билдирди. Президент шайлоо жыйынтыгы менен саясий туруктуулукту бекемдөөгө басым жасаганын, депутаттарга жеке кызыкчылыктардан мурда мамлекетти ойлогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, эгерде шайлоолор беш жылда эки жолу дал келсе, ал биринчи кезекте Борбордук шайлоо комиссиясына кыйынчылык жаратып, экинчи кезекте саясий туруктуулукка таасир тийгизиши мүмкүн. Мындан тышкары, келерки жылы күзүндө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

"Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам.
Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам", -деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан