Жогорку Кеңештин депутаттыгына дагы 5 адам талапкерлигин койду

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 5 талапкер арызын бергенин билдирди.

Анда №2 шайлоо округу (Кызыл-Кыя) боюнча Азамат Абсатаров, №15тен (Кербен шаары) Мураталы Керимбаев, №24төн Улукбек Карыбек уулу, №1ден (Раззаков шаары) Асел Набиева жана №22ден (Бишкек шаары. Октябрь району) Болот Ибрагимов талапкерлигин койгон.

Буга чейин БШКга №23 шайлоо округу (Биринчи май) боюнча талапкерликке Элвира Сурабалдиевадан, №4 шайлоо округу (Ноокат шаары) боюнча талапкерликке Ахмеджан Мамадумаровдон арыз түшкөнү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан