Министрлер кабинети “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан баштап өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарында жашаган 3 жашка чейинки балдарга 3 миң сомдон жөлөкпул берилет.
"Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин айына 3000 миң сомдон жөлөк пул берилет",- деп жазылат тиешелүү тескемеде.
Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.