Бүгүн, 3-октябрда Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техника жана кызматтык унаалар тапшырылды. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышканын атайын кызматтан билдиришти.
Ташиев Токмок шаарынын өнүгүүсү үчүн берилген техникалар президент Садыр Жапаровдун атынан берилгендигин белгиледи. Ал ошондой эле 29-сентябрда өлкө башчысынын фондунан 2 миллирад 55 миллион 500 миң сом каражат бөлүнгөнүн билдирди.
Бөлүнгөн каражаттар төмөнкү ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталат:
Ошондой эле Токмок шаарындагы Пушкин атындагы №1 жана №2 орто мектептер үчүн кошумча окуу корпустарын куруу долбоору бар. 2026-жылы башталып, жалпы керектүү сумма 440 миллион сомду түзүп, 800 орундуу болот.
Ташиев жергиликтүү бийлик органдарына калк менен тыгыз иштешип, иштердин мөөнөтүн жана сапатын көзөмөлдөп, бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга тапшырма берди. Мындан тышкары, ал келерки жылы мамлекет шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө материалдык каражат бөлүүнү пландап жатканын белгиледи.